"Бейиш 2: Апама кат" тасмасын мыйзамсыз көчүрүп тараткандар 100 миң сом айып пулга жыгылышты

"Бейиш 2: Апама кат" тасмасын мыйзамсыз көчүрүп тараткандар 100 миң сом айып пулга жыгылышты

"Бейиш 2: Апама кат" аттуу көркөм тасманын жаратуучулары тасманын айрым үзүндүлөрү мыйзамсыз тартылып, социалдык тармактарга жарыяланган фактылар аныкталганын расмий түрдө билдиришти. Укук ээсинин юристтери мыйзам бузулган алгачкы учурларды документтештиришти.

"Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" мыйзамга ылайык, аудиовизуалдык чыгармага болгон өзгөчө укуктар толугу менен анын жаратуучуларына таандык. Тасманы же анын бөлүктөрүн расмий уруксатсыз көчүрүү, таратуу же интернетке жайгаштыруу мыйзамсыз деп эсептелет.

Укук коргоо органдары тасманын материалдарын мыйзамсыз жарыялаган эки адамдын өздүгүн аныкташты. Мыйзам бузгандар ар бири 50 миң сом өлчөмүндө айып пулга жыгылды.

Долбоордун авторлору мындан кийинки пираттык аракеттер атайылап жасалган кылмыш катары бааланарын эскертишет. Жаңы мыйзам бузуучулар тууралуу маалыматтар жарандык-укуктук, административдик жана кылмыш жоопкерчилигин колдонуу үчүн сот органдарына өткөрүлүп берилет. Айрым учурларда мыйзам эркинен ажыратууга чейин жаза карайт.

Тасманын жаратуучулары блогерлерди, ЖМК өкүлдөрүн жана катардагы колдонуучуларды башка адамдардын эмгегин урматтоого, интеллектуалдык менчикке карата мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга чакырышат.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media