Кыргызстанда көчөттөр импорту 2025-жылы 2 эсеге кыскарган

Кыргызстанда көчөттөр импорту 2025-жылы 2 эсеге кыскарган

2024-жылы өлкөгө 13,3 миллиондон ашык көчөт импорттолсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 6,86 миллионду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу кыйла азайган. Көчөттөрдүн экспорту да кыскарганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, министрликтин Химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти республика аймагына ташылып келинген көчөттөргө туруктуу фитосанитардык көзөмөл жүргүзөт.

Көчөттөр фитосанитардык коркунучу жогору продукцияга кирет жана алар милдеттүү түрдө толук карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөн өткөрүлөт. Биринчи кезекте фитосанитардык сертификаттын бар-жогу жана коштоочу документтердин талаптарга шайкештиги текшерилет. Андан кийин карантиндик зыяндуу организмдерди аныктоо үчүн лабораториялык үлгүлөр алынат. Зарыл болгон учурларда зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлөт.

Лабораториялык көзөмөлдүн алкагында 2024-жылы 8 миңден ашык экспертиза жүргүзүлсө, 2025-жылы 3 миңден ашуун текшерүү өткөрүлгөн. Өткөн жылы зыянсыздандыруунун көлөмү 156 миң куб метрди түзүп, 2024-жылдагы көрсөткүчтөрдөн кыйла жогору болгон.

Мындан тышкары, көчөттөрдү импорттоо үчүн Кыргызстан аймагына сортторду жана гибриддерди алып кирүүгө укук берген уруксат кагазынын болушу талап кылынат.

Ошондой эле өлкөдө пестициддердин жана агрохимикаттардын жүгүртүлүшүнө катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Алар милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүшү керек, ал эми каттоодон өтпөгөн химиялык каражаттарды алып кирүүгө тыюу салынган.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52