“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

“Дөөлөт курулуш” компаниясынын объектилерин Курулуш министрлиги бүткөрөт

Бүгүн, 12-февралда Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” ЖЧКнын үлүш ээлери менен “Кудайберген” турак жай комплексинин курулуш объектисинде жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чарага министрдин орун басарлары, тиешелүү департаменттин жетекчилери жана компаниянын үлүш ээлери катышты.

Белгилей кетсек, аталган компаниядан 4 жыл мурда турак жай сатып алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин батирлерине ээ боло албай, курулуш объектилериндеги иштер токтоп тургандыгы боюнча бир нече жолу кайрылышкан. Ушуга байланыштуу Курулуш министрлиги тарабынан “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсына тиешелүү эскертүүлөр жана курулуш иштерин жандандыруу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилген. Бирок компаниядагы каражат маселесинен улам, үлүш ээлеринин акчалары натыйжалуу пайдаланылбай, курулуш иштери жүрбөй калган.

Натыйжада, үлүш ээлеринин кайрылууларынын негизинде компаниянын ишмердүүлүгү Президенттин көзөмөлүнө алынып, Курулуш министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген. Бүгүнкү күндө “Дөөлөт курулуш” ЖЧКсынын жетекчилиги курулуш объектилерин толук бүткөрүү максатында аларды Курулуш министрлигинин карамагына өткөрүп берди.

Мындан тышкары окуңуз

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Бишкек шаарынын Ленин районунун Новопавловка айылындагы рейдде акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүдө маркаланбаган ар кандай идиштердеги 294 даана мотор майы табылды. Продукциянын жалпы көлөмү 10 миң 824 литр болуп, жалпы суммасы болжол менен 3 млн сомду түздү.

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

Бишкек шаарындагы Тазалык муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдөр боюнча карыздарды аныктоо максатында рейддерди күчөтөт. Ишканадан билдиришкендей, текшерүүлөр жарандарды гана эмес, жеке чарбаларды жана кызмат акысын системалуу түрдө төлөбөгөн ишкерлерди да камтыйт. Айрыкча узак убакыттан бери карызы бар абоненттерге өзгөчө көңүл бурулат. 2026-жылдын 1-мартына карата жалпы карыздын суммасы

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Кыргызстанда 2026-жылы туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе турган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуялардын бири учурда кызуу даярдык жүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан, Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйөт деп болжолдонууда. “Ушуга байланыштуу

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

Министрлер Кабинети 2026-жылдын 26-мартындагы №198-т тескемеси менен "Кыргызалтын" ААКына Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш кенинин №1 рудалык алтын жана жез казып алуу үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берди. Документке ылайык, бөлүнгөн участоктун аянты 400 гектарды түзөт. Кенди иштетүүнү баштоого чейин "Кыргызалтынга" Кыргызстандын "Тарыхый-маданий мурастарды