Кыргызстан боюнча 206 мектеп директорлорунун бош кызмат орундары бар

Кыргызстан боюнча 206 мектеп директорлорунун бош кызмат орундары бар

КРнын Агартуу министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын мектеп жетекчилеринин бош турган кызмат орундарына конкурс жарыялады.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, республика боюнча жалпы 206 бош кызмат орду бар. Анын ичинен:

Бишкек шаарында – 11,

Ош шаарында – 8,

Чүй облусунда – 21,

Нарын облусунда – 10,

Ош облусунда – 59,

Баткен облусунда – 20,

Ысык-Көл облусунда – 11,

Талас облусунда – 9,

Жалал-Абад облусунда – 54,

Мектеп-интернаттарда – 3.

 Документтер 2026-жылдын 13-февралынан 26-февралын кошо алган мезгил аралыгында, саат 18:00гө чейин кабыл алынат. Аларды тиешелүүлүгүнө жараша төмөнкү электрондук почта даректери аркылуу жиберүү талап кылынат: konkurs.chui@drko.kg; konkurs.batken@drko.kg; konkurs.osh@drko.kg; konkurs.ja@drko.kg; konkurs.naryn@drko.kg; konkurs.talas@drko.kg; konkurs.bishkek@drko.kg; konkurs.ik@drko.kg; konkurs.g.osh@drko.kg

Кошумча маалыматты Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин төмөнкү телефондору аркылуу алууга болот: 0503610150; 0550610150; 0551405057; 0500066177; 0705505740 жана 0557066177.

Мындан тышкары окуңуз

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Бишкек шаарынын Ленин районунун Новопавловка айылындагы рейдде акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүдө маркаланбаган ар кандай идиштердеги 294 даана мотор майы табылды. Продукциянын жалпы көлөмү 10 миң 824 литр болуп, жалпы суммасы болжол менен 3 млн сомду түздү.

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

Бишкек шаарындагы Тазалык муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдөр боюнча карыздарды аныктоо максатында рейддерди күчөтөт. Ишканадан билдиришкендей, текшерүүлөр жарандарды гана эмес, жеке чарбаларды жана кызмат акысын системалуу түрдө төлөбөгөн ишкерлерди да камтыйт. Айрыкча узак убакыттан бери карызы бар абоненттерге өзгөчө көңүл бурулат. 2026-жылдын 1-мартына карата жалпы карыздын суммасы

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Кыргызстанда 2026-жылы туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе турган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуялардын бири учурда кызуу даярдык жүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан, Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйөт деп болжолдонууда. “Ушуга байланыштуу

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

"Кыргызалтынга" Таластагы Андаш кенин иштетүүгө укук берилди

Министрлер Кабинети 2026-жылдын 26-мартындагы №198-т тескемеси менен "Кыргызалтын" ААКына Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш кенинин №1 рудалык алтын жана жез казып алуу үчүн жер казынасын пайдалануу укугун берди. Документке ылайык, бөлүнгөн участоктун аянты 400 гектарды түзөт. Кенди иштетүүнү баштоого чейин "Кыргызалтынга" Кыргызстандын "Тарыхый-маданий мурастарды