Sary Kyz жана Argen Sigma Кыргызстан туризминин амбассадорлору болушту
Кыргызстандагы белгилүү блогерлер Sary Kyz жана Argen Sigma өлкөдө туризмди жайылтуу багытында иш алып барышат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фонд алдыңкы блогерлер менен өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Өнөктөштүк Кыргызстандын туристтик потенциалын медиа мейкиндикте жана социалдык тармактарда кеңири таанытууга багытталган.
Меморандумдун алкагында:
өлкөнүн туристтик маршруттары жана локациялары тууралуу контент даярдоо,
блогерлердин пресс-турларга, эл аралык көргөзмөлөргө, форумдарга жана жарнама кампанияларга катышуусу пландалууда.
Фонд өз кезегинде амбассадорлорго маалыматтык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтөт. Блогерлер болсо Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн аудиториясына таанытып, туризм тармагындагы демилгелерге активдүү катышмакчы.
Меморандум 2026-жылдын аягына чейин күчүндө болот. Фонд белгилегендей, бул келишим Кыргызстандагы туризм менен медиа коомчулуктун кызматташтыгынын жаңы этабы болуп саналат.
