Жогорку Кеңеш Шабданбековду УКМК төрагалыгына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Шабданбековду УКМК төрагалыгына дайындоого макулдук берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Жумгалбек Шабданбековду Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Бектур Зулпиев талапкер тууралуу маалымат берип өттү.

Комитет Жумгалбек Шабданбековду УКМК төрагасы кылып дайындоого макулдугун берди жана бул маселени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын карашына жиберди.

Мындан тышкары окуңуз

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Ысык-Көлгө 2 млн 700 миңден ашык балык чабактары коё берилгенин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мында форель жана сига-лудога балык чабактары коё берилген. "Учурда балыктандыруу иш-чаралары жүрүп жатат. Ысык-Көлдөн тышкары, Соң-Көлгө 4 миллиондон

Бишкектин айрым аймактарында эртең муздак суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең муздак суу өчүрүлөт

7-апрелде саат 09:00дөн 8-апрелге караган түнкү 02:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотуларын Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Суу өчүрүлө турган аймактар: * Алыкулов — Кустанай — Муром — Садыгалиев — Лев Толстой көчөлөрүнүн аралыгы, ошондой эле Coca-Cola заводунун аймагы; * Садыгалиев

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкектеги калдыктарды кайра иштетүү заводун көрүштү

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкектеги калдыктарды кайра иштетүү заводун көрүштү

ШКУга мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин көзөмөлдөгөн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жетинчи жыйынынын жана эксперттеринин отурумуна катышкан делегаттар үчүн катуу тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүргөн экологиялык заводго тааныштыруу экскурсиясы өткөрүлгөнүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Рамиз Алиев экскурсияда катышуучуларга ишкананын ишмердүүлүгү, калдыктарды кайра иштетүүнүн заманбап технологиялык процесстери,

"Жыргалаң" курортунун жер тилкелеринин аукциону 8-апрелде башталат

"Жыргалаң" курортунун жер тилкелеринин аукциону 8-апрелде башталат

Ысык-Көл облусундагы "Ала-Тоо Резорт" ири курорттук зонасындагы жер тилкелерин сатуу боюнча экинчи аукцион өтөрүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аукциондогу сатуулар 8-10-апрелде өткөрүлүп, күнүнө 12ден лот коюлат. Аукционго "Жыргалаң" курортунун курулуш зонасында туристтик жана инфраструктуралык объектилерди камтыган 36 лот бар. Бул тилкелерде