"Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жаңы асма жол ачылат
Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында өлкө жетекчилигинин катышуусунда жаңы асма жол расмий түрдө ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, тоо башына курулуучу мейманканалар жана тамактануучу жайлар экологиялык стандарттарга ылайык жана бардык эрежелерди сактоо менен ишке ашырылууда.
“Жакынкы келечекте Кыргызстандын ар бир тоосу жана капчыгайларын “Ала-Арчадагыдай” деңгээлге жеткиришибиз керек. Каракол шаарында жана Нарында “Салкын-Төр” долбоору ишке ашырылууда. Жалал-Абаддагы “Сары-Челек” коругунун базалык инфраструктурасы жакшыртылып, жолдору оңдолууда”, — деди Эрденет Касымов.