Бишкекте экологиялык заводдо абанын булганышы талкууланды

Бишкекте экологиялык заводдо абанын булганышы талкууланды

Күн мурун Бишкек шаарындагы санитардык полигондо жайгашкан катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү экологиялык технологиялык заводдо атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу маселелерине арналган коомдук угуу болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиев, депутаттар, Экологиялык кеңештин мүчөлөрү, эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЖМК жана шаар тургундары катышты. Жалпы 150дөн ашуун адам болду.

Мэр завод боюнча экскурсия өткөрүп, объект Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Маалыматка ылайык, Экологиялык кеңештин сунуштары ишке ашырылууда. 2025-жылы 18 миң көчөт отургузулса, 2026-жылы бул көрсөткүч 50 миңге жеткирилди. Учурда көчөттөр жеткирилип, отургузууга даярдоо иштери жүрүүдө.

Угуу учурунда ыш жана абанын булганышы негизги маселе катары көтөрүлүп, катышуучулардын суроолору жана сунуштары каттоого алынды.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Өнүктүрүү саясаты институту менен биргеликте уюштурулду.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"