Былтыр 935, быйыл 132 этникалык кыргыз "кайрылман" макамын алды

Былтыр 935, быйыл 132 этникалык кыргыз "кайрылман" макамын алды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2025-жылы 935 этникалык кыргыз "кайрылман" макамын алган. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Алардын ичинен: Өзбекстандан — 66, Тажикстандан — 837, Кытайдан — 12, Россиядан — 9, Афганистандан — 10, башка өлкөлөрдөн — 1 адам.

"Кайрылман" макамы тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алууга мүмкүнчүлүк берет. Макам атайын ведомстволор аралык комиссия тарабынан берилет жана эки айдын ичинде чечилет.

2026-жылдын январь айында дагы 132 адам "кайрылман" макамын алышты. Макам ээлери социалдык жөлөкпул, пенсия, медициналык кызмат, билим алуу жана ишке орношуу укугуна ээ. Мамлекеттик кепилдиктерге ылайык: 13 адам социалдык жөлөкпул алат, 19 адам пенсияга ээ, 5 адам жер тилкесине ээ болду, 263 адам медициналык кызмат алды, 373 адам мектепте окуйт, 63 адам жогорку окуу жайда билим алууда, 30 адам ишке орношуу боюнча кайрылган, алардын ичинен 11и жумушка орношту.

"Кайрылман" күбөлүгү үч жылга берилет. Бул мөөнөттө макам ээлери Кыргыз Республикасынын жарандыгына өтүү боюнча арыз менен кайрыла алышат. Басмырлоо же мыйзамсыз мамиле фактылары орун алганда, жарандар 1966 номери аркылуу министрликке кайрыла алышат. Чалуу бекер.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"