Былтыр "Ала-Арча" жаратылыш паркынын кирешеси 262 млн сомго жеткен

Былтыр "Ала-Арча" жаратылыш паркынын кирешеси 262 млн сомго жеткен

“Ала-Арча” жаратылыш парксынын кирешеси 2020-жылдагы 29 млн сомдон 2025-жылы 262 млн сомго чейин өстү, бул кирешенин дээрлик 9 эсеге өсүшүн көрсөтөт, – деди Президент Садыр Жапаров бүгүн “Ала-Арча” паркындагы асма жолдун ачылышында сүйлөгөн сөзүндө.

Узундугу 1 чакырымды түзгөн асма жол саатына миңге жакын адамды тоонун чокусуна жеткире алат жана туристтер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк түзөт. Аны дүйнөгө белгилүү австриялык “Доппел майер” (Doppelmayr) компаниясы куруду.

Президент Садыр Жапаров асма жолду узартуунун экинчи этабы пландалып жатканын айтып, бул аркылуу парк комплекстүү өнүктүрүлөрүн белгиледи. Экинчи этап 12 чакырым аралыкты камтып, парктын эң кооз жана жетүүгө кыйын аймактарына чейин жетүүгө жол ачат.

Учурда паркта заманбап коттедждер пайдаланууга берилүүдө, родельбан курулуп жатат, ошондой эле бассейни бар беш жылдыздуу мейманкананы пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.

Президенттин айтымында, бул иштер Кыргызстандын тоо туризмин сапаттуу өнүктүрүүгө, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана улуттук парктын кооздугун дүйнөгө таанытууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"