Д.Бекешов: Мамлекеттик ипотека социалдык аз камсыздалган жарандар үчүн жеткиликтүү эмес

Д.Бекешов: Мамлекеттик ипотека социалдык аз камсыздалган жарандар үчүн жеткиликтүү эмес

Бүгүн Жогорку Кеңештин пленардык отурумунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешов мамлекеттик ипотека аркылуу турак жай алуу маселеси аз камсыздалган жарандар үчүн кыйын болуп калгандыгын билдирди.

Депутаттын айтымында, бул маселеге министрлер кабинети көңүл бөлүп, атайын программа иштеп чыгып, багаар-көрөөрү жок жетим балдардын турак жайлуу болушуна шарт түзүшү керек.

“Алар балдар үйлөрүнөн чыккандан кийин эмне болот? Кайда барып, эмне кылышат, кандай билим алышат, кантип турак жай менен камсыз болушат? Ооба, алар бала кезинен бери депозит алып келишет, бирок бул эч нерсеге жетпейт. Алар эч качан мамлекеттик ипотеканы төлөй алышпайт! Аларды кыялданып, мамлекеттик ипотекага жөнөтүүнүн кажети жок. Баалар өсүп жатат. Мамлекеттик ипотека социалдык жактан аялуу жактарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана жетимдерге жеткиликтүү эмес. Алар кантип жашашы керек? Менимче, мамлекет жардам бериши керек”-деп билдирди, Бекешов.  

Депутаттын айтымында, бул маселени комплекстүү карап чыгуу зарыл. Анткени, бул тууралуу арыз - кайрылуулар эл өкүлүнүн дарегине көп келет жана ага так жооп берүү кыйынга турат. Андыктан эл өкүлү атайын чара колдонуп, балким турак жайларды, жатаканаларды куруу сыяктуу муктаждарды колдоонун программасын иштеп чыгууну, министрлер кабинетине сунуштады.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"