“Мен чемпион” республикалык кышкы жарышты Караколдук өспүрүмдөр жеңип алышты

“Мен чемпион” республикалык кышкы жарышты Караколдук өспүрүмдөр жеңип алышты

Каракол шаарындагы тоо лыжа базасында 2008–2015-жылдары туулган өспүрүмдөр арасында “Мен чемпион” аталышындагы республикалык кышкы спорттук оюндардын тоо лыжа боюнча мелдештери өткөрүлдү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, “Мен чемпион” оюндары балдар-өспүрүмдөр арасында спортту өнүктүрүүгө, кышкы спорт түрлөрүн жайылтууга жана аймактар арасында атаандаштыкты күчөтүүгө багытталган.

Аталган мелдешке жалпы 110 спортчу катышып, алты команда байге үчүн күч сынашып, анын жалпы байге фонду 600 000 сомду түздү. Командалар Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарынан, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Чаткал райондорунан келишти.

Үч күнгө созулган таймаштын жыйынтыгында жалпы командалык эсепте “Каракол №1” командасы эң жогорку упайды топтоп - 220 000 сом өлчөмүндөгү баш байгеге ээ болду.

Экинчи орунду Нарын шаарынын “Ала-Тоо” тобу ээлеп, 170 000 сомго татыды.

Үчүнчү орун Ысык-Ата районунун Спорттук оюн жана кышкы түрлөрү боюнча өспүрүмдөрүнө ыйгарылып, команда 110 000 сом утуп алды.

Төртүнчү орунду Каракол шаарынын (50 000 сом), ал эми бешинчи орунду Тогуз-Торо районунан өспүрумдөрү (50 000 сом) багындырышты.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"