Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары жана бардык шарттары менен спорт залы каралат. Учурда жер казуу иштери жүрүп жатат.
Азыркы тапта 2200дөй окуучу 1972-жылы курулган мектепте окуп жатышат. Жаңы салына турчу корпус бүткөрүлсө 1500 окуучу билим алуусуна шарт түзүлөт.