Айбек Джунушалиев Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 19-февралда Шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте Чүй проспектисиндеги курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы "Айчүрөк" ЦУМдун жетекчилигине кайрылып, курулуп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгиледи.
Айбек Джунушалиев: "Шаар куруу нормалары сакталбагандыгына байланыштуу, курулган конструкцияларды демонтаж кылып, жашыл аймак менен фонтан зонасын баштапкы абалына келтирүүнү талап кылабыз. Эгер компания үч күндүн ичинде демонтаж иштерин баштбаса, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тартылат", — деп эскертти.
Мэр буга чейин Old Bishkek долбоорунун талаптарга шайкештигин текшерүү максатында Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине кат жөнөткөнүн кошумчалады.
Ошондой эле, шаар башчысы компания өкүлдөрүнө экинчи кабаттын үстүнө чатыр куруу иштерин убактылуу токтотуу тапшырмасын берди. Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгына болсо сунушталган эскизди карап чыгып, долбоорду шаар куруу талаптарына ылайык ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.