Бишкекте абаны булгаган автоунаа ээлерине 22 500 сом айып салынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 19-февралда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы Бишкек шаардык милициясынын Патрулдук кызмат башкармалыгы менен биргеликте автотранспорттордон чыккан булгоочу заттарды текшерүү боюнча рейд өткөрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, рейддер борбор калаада атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана булгануу деңгээлин төмөндөтүү максатында туруктуу негизде жүргүзүлөт.
Текшерүүнүн жүрүшүндө үч автотранспорттон чыккан газдардын курамындагы булгоочу заттар нормадан 50%га чейин ашканы аныкталды. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренеси боюнча жеке жактарга 3 протокол түзүлүп, жалпы айып пулдун суммасы 22 500 сомди түздү.
Иш-чаралар айлана-чөйрөгө терс таасирди азайтууга, экологиялык коопсуздукту камсыздоого жана унаа ээлеринин экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.