Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Газга кошулуу үчүн насыянын үстөгү 3%га чейин төмөндөтүлдү

Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги №349 тескемесине ылайык, калкты газ түтүктөрүнө кошууга жана газ менен жылытуу жабдууларын сатып алууга берилүүчү насыянын пайыздык чени жылдык 8%дан 3%га чейин төмөндөтүлдү. Жеңилдетилген каржылоо программасынын алкагында жарандарга 150 000 сомго чейин насыя берүү каралган.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы аталган программанын негизинде 146 жаранга жалпысынан 18 млн 82 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берилген.

Өлкөнүн калктуу конуштарын газдаштыруу багытында Газпром Кыргызстан компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн иштердин алкагында газ тармагын өнүктүрүүгө 33 млрд сом инвестиция салынды. Натыйжада, 2014-жылга салыштырмалуу 2025-жылы газификациянын деңгээли 22 пайыздан 44%га чейин өстү. Абоненттердин саны 444 миңге жетти.

Бишкек шаарында бүгүнкү күндө 54 калктуу конуш газдаштырылып, 51 миңден ашык абонент газга кошулган. Алардын ичинен 36 миң үйдүн отканалары газ менен жылытууга өткөрүлгөн. Конуштарды газдаштыруунун натыйжасында көмүрдүн орточо керектөөсү жылына 100 миң тоннадан ашуун кыскарды.

Жалпысынан 2025-жылы Бишкек шаары боюнча 5 миңге жакын үй газ менен жылытууну колдоно баштаган. Ошол эле учурда 97 317 үй дагы эле көмүр жана башка отун түрлөрүн пайдаланууну улантууда.

Газдаштыруу иштери экологиялык абалды жакшыртууга, калктын жашоо шартын көтөрүүгө жана абанын булгануусун азайтууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен Айыл Банк жана Элдик Банк аркылуу жүргүзүлөт. Газ казандарын орнотуу жана газ түтүгүнө туташуу үчүн жеңилдетилген насыя алуу максатында жарандар аталган банктарга кайрылса болот.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"