Коррупцияга каршы күрөштө жаңы мыйзам күчүнө кирди
Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 13-февралында парламент тарабынан кабыл алынган "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамга кол койду. Документ коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү, алардын алдын алуу жана коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин күчөтүүгө багытталган.
Мыйзам Президенттин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик антикоррупциялык стратегиянын практикалык уландысы болуп саналат. Анда коррупциялык тобокелдиктерди талдоо, алдын алуу чараларын күчөтүү, санариптик эсепке алуу, ченемдик актыларды коррупцияга каршы экспертизадан өткөрүү жана ведомстволор аралык координациялык кеңештерди түзүү каралган.
Мыйзамды ишке ашыруунун алкагында Башкы прокуратурасы эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну күчөтүүдө. 18-февралда Башкы прокуратурада Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Ханиф Рахемтулла менен жолугушуу өтүп, анда антикоррупциялык реформаларды колдоо жана заманбап алдын алуу механизмдерин киргизүү маселелери талкууланды.
Тараптар улуттук антикоррупциялык стратегияны натыйжалуу ишке ашырууга багытталган кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.