Базар-Коргондо 7,8 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды
Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышын жана сакталышын текшерүүнүн алкагында мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Тактап айтканда, 2006-жылы Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын аймагында жайгашкан, айыл чарба багытындагы жалпы аянты 9,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги белгилүү болгон.
Жүргүзүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 7 миллион 763 миң сомду түзгөн 9,2 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
Учурда мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо багытындагы иштер улантылууда.