Ошто эски “Келечек” базарын көчүрүү иштери уланууда
Ош шаарындагы эски “Келечек” базарын жаңы “Келечек” базарына көчүрүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Көчүрүү иштери Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүп жатат.
Соодагерлерди жаңы соода жайына этап-этабы менен көчүрүү үчүн Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тиешелүү кызматтар тарабынан комплекстүү чаралар көрүлүүдө.
Көчүрүү процесси соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана базардын ишин иретке келтирүү максатын көздөйт.





