8-мартка карата Кыргызстанга 4 миллиондон ашык жаңы гүлдөр ташып келинди
Аялдардын Эл аралык күнүнүн утурлай, Кыргызстанга жаңы гүлдөрдү ташып келүүнүн салттуу мезгилдик өсүшү байкалып жатат. Айрыкча февраль айында жеткирүүлөрдүн көбөйүшү байкалгандыгын Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, февраль айынын башынан бүгүнкү күнгө чейин өлкөгө 4,07 миллион даана жаңы гүл ташылып келинди. Бул январь айына салыштырмалуу жеткирүүлөрдүн көлөмү 31% га өскөн.
Ташып келүүнүн негизги бөлүгү аба транспорту аркылуу ташылат. Негизги жеткирүүчү өлкөлөр болуп Кения, Кытай, Эквадор, Нидерланды жана Колумбия саналат.
Февраль айында роза, гвоздика, орхидея, хризантема жана лилия гүлдөрүнө суроо-талап эң көп болгон. Розалар салттуу түрдө алдыңкы орунда турат – алардан 3,56 миллион даана ташылып келинген, бул жалпы гүлдөрдүн импортунун негизги үлүшүн түзөт.
Соода түйүндөрүнө келгенге чейин ар бир партия милдеттүү түрдө бажы көзөмөлүнөн өтүп, коштоочу документтери жана ташуу шарттарынын сакталышы текшерилет. Гүлдөр өз алуучуларын убагында кубандырышы үчүн «Манас» бажысынын кызматкерлери товарларды ыкчам жана мыйзамдуу чыгарууну камсыз кылышууда.