Айыл чарбасында "Дотация" санариптик системасы ишке киргизилди

Айыл чарбасында "Дотация" санариптик системасы ишке киргизилди

"АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти менен биргеликте "Дотация" автоматташтырылган маалыматтык системасын (АИС "Дотация") ишке киргизди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жаңы санариптик система айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик дотацияларды алуу үчүн арыздарды электрондук түрдө берүү, каттоо жана кароо процесстерин автоматташтырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле үрөндөрдүн кыймылын көзөмөлдөөгө жана алардын максаттуу пайдаланылышын мониторинг кылууга шарт түзөт.

Система аркылуу дыйкандар арыздарды онлайн тапшырып, документтер автоматтык текшерүүдөн өтөт. Бул арыздарды кароо мөөнөтүн кыскартып, мамлекеттик колдоонун ачык-айкындуулугун жогорулатууга жардам берет.

Белгиленгендей, АИС "Дотация" жакынкы убакта этап-этабы менен киргизилип, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик электрондук кызматтар аркылуу жеткиликтүү болот.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди