Араванда картошка айдоонун заманбап техникасы колдонулууда

Араванда картошка айдоонун заманбап техникасы колдонулууда

Ош облусунун Араван районундагы "Бирлик" үрөн чарбасы картошка эгүүдө заманбап техниканы колдонуп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы техника талаада бир эле учурда беш түрдүү ишти аткара алат. Бул дыйкандардын эмгегин жеңилдетип, талаа иштерин ыкчам жана натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзөт.

Техниканын негизги мүмкүнчүлүктөрү төмөнкүлөр:

  • отоо чөптөргө каршы дары чачып, түшүмдүн сапатын жогорулатат;
  • картошканы 90 сантиметр аралыкта бир нече жөөккө эгип, өндүрүмдүүлүктү арттырат;
  • тамчылатып сугаруу системасына ылайык шланг орнотуп, сууну үнөмдөөгө шарт түзөт;
  • жер семирткичтерди атайын себет аркылуу чачып, топурактын сапатын жакшыртат;
  • полиэтилен пленкасын жаап, топуракты коргоп, нымдуулукту сактайт.
Министрликтен билдиришкендей, эгер быйыл жаңы техника өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтсө, келерки жылы бул технология башка дыйкандарга да сунушталат.

"Бирлик" үрөн чарбасы заманбап технологияларды колдонуу аркылуу айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө, жергиликтүү дыйкандардын эмгегин жеңилдетүүгө жана өлкөдө айыл чарба тармагындагы натыйжалуулукту жогорулатууга багыт алып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди