Арча-Бешиктеги мектепке 1200 орундуу жаңы корпус курулуп жатат
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги №79 мектепке кошумча салынып жаткан жаңы окуу корпусунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Объект Арча-Бешик конушунун Эр-Тайлак көчөсү, 75 дарегинде жайгашкан. Бул жерде №79 мектепке кошумча 1200 орундуу окуу корпусу курулуп жатат.
Долбоорго ылайык, окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык заманбап шарттар каралган.
Учурда курулуш аянтында жер казуу иштери толук аяктап, пайдубалга чейинки бетондун төмөнкү катмарын куюу иштери жүргүзүлүүдө.
Министр курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, жумуштун темпин ылдамдатуу үчүн куруучулардын санын көбөйтүүнү тапшырды.