Бишкекте 15 500 долларлык алдамчылыкка шектүү кармалды
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга С. А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, У. К. аттуу адамга карата чара көрүүнү суранган.
Анын айтымында, окуя Бишкек шаарынын 6-кичи районунда болгон. Шектүү жабырлануучунун ишенимине кирип, "биргелешкен бизнес жүргүзүп, кирешени көбөйтөбүз" деген шылтоо менен анын Hyundai Grandeur үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алган. Бирок кийинчерээк унааны башка адамдарга сатып жиберип, акчасын өз муктаждыктарына иштетип жиберген.
Натыйжада жабырлануучуга 15 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Милиция тарабынан 32 жаштагы шектүү кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сүрөттөгү жарандан жабыркаган жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар 0(700) 12-66-22 же 102 номерине кабарлоосу зарыл.