Бишкекте 20 жаңы мектеп: министр курулуш жүрүп жаткан объекттерди текшерди
Күн мурун Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курулуп жаткан бир катар социалдык объектилердин курулуш иштеринин бүгүнкү кундөгү этабы менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министр Бишкек шаарындагы эки райондо курулуп жаткан социалдык объектилерди толук кыдырып чыкты. Алар:
Октябрь району:
• Көк-Жар конушунун Көк-Жар көчөсү 123/1 дарегиндеги №88 орто мектепке кошумча 500 орундуу окуу корпусу
• Түштүк пландоо зонасынын Токомбаев көчөсү 15/8а дарегиндеги 750 орундуу жаңы мектеп
• №8 кичи району 19/1 дарегиндеги №64 орто мектепке 600 орундуу кошумча окуу корпусу
• Өскөн-Ордо конушуна 750 орундуу жаңы мектеп
• Кара-Жыгач конушунун Оберон көчөсү 18/1 дарегиндеги №91 орто мектебине 750 орундуу кошумча корпус
• Көк-Жар айылынын Алапаев 1/1 дареги боюнча 750 орундуу жаңы мектеп
Ленин району:
• Алыкулов көчөсү 1 дарегиндеги №42 орто мектебине 380 орундуу кошумча корпус
• Кашка-Баш айылындагы №84 мектептин өзүнчө 750 орундуу окуу корпусу
• Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсү 1 дарегине 750 орундуу жаңы мектеп
• Гагарин көчөсү 166 дарегиндеги №55 орто мектебине 1200 орундуу кошумча корпус
• Жал кичи району 23 дарегиндеги №72 мектепке 750 орундуу кошумча корпус
• Арча-Бешик конушунун Эр-Тайлак көчөсү 75 дарегиндеги №79 мектепке 1200 орундуу кошумча корпус
Министр объекттердеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, белгиленген мөөнөттө ишин бүтүрбөй жаткан подряддык уюмдарга эскертүү берди. Ал курулушту тездетүү, куруучулардын санын көбөйтүү жана иштин сапатына көңүл буруу боюнча талаптарды койду.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык 2026-жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп куруу пландалган. Учурда курулуш иштери активдүү жүрүүдө: Октябрь районунда – 6, Ленин районунда – 6, Биринчи май районунда – 5, Свердлов районунда – 3 объект.
Курулуштар республикалык бюджеттен каржыланып, министрлик тарабынан көзөмөлдөнүүдө.




