Бишкекте таштанды полигондорун жабуу пландалууда
Быйыл Бишкек шаарынын аймагындагы бардык таштанды полигондорун жабуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директорунун орун басары Бекжан Султангазиев билдирди.
Анын маалыматына ылайык, борбор калаада бир гана борбордук полигон калтырылат. Ал жерде курулуш калдыктарын топтоо үчүн өзүнчө аймак каралат.
Белгиленгендей, бетон сыяктуу күйбөй турган курулуш калдыктары үчүн атайын жай бөлүнөт. Бишкек мэриясы бул иштерди 2026-жылдын ичинде толугу менен аяктоону пландап жатат.
Бул чаралар шаардын экологиялык абалын жакшыртууга жана таштандыларды башкаруу системасын тартипке келтирүүгө багытталган.