Быйыл "Жашыл мурастын" алкагында 9 млн көчөт отургузуу пландалууда

Быйыл "Жашыл мурастын" алкагында 9 млн көчөт отургузуу пландалууда

"Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында республика боюнча 3 250 гектардан ашуун аянтка 3 миллион 820 миңден ашуун көчөт отургузулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникаклык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Жергиликтүү мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагында 3 250,648 гектар жерге 3 820 663 түп көчөт отургузулган. Отургузулган көчөттөрдү сугаруу жана коргоо иштери өз убагында жүргүзүлүп жатат.

2025-жылы республика боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жалпысынан 8 миллион 239 миң 915 даана бак-дарактын көчөтү отургузулган. Алар 6 420 гектар аянтка жайгаштырылып, көчөттөрдүн өсүп кетүү көрсөткүчү 74,5%ды түзгөн.

Отургузулган көчөттөрдүн катарына терек, каражыгач, кайың, эмен, жаңгак, мисте, бадам, алма, өрүк, Тянь-Шань карагайы, кызыл карагай, арча, тыт жана башка дарактардын түрлөрү кирет.

Ал эми 2026-жылы өлкө боюнча 9 миллион даана бак-дарактын көчөтүн отургузуу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди