Эт өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн фермерлерге 3% менен насыя берилет
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Чүй облусунда жана Бишкек шаарында эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Долбоор малды семиртүүдөн тартып, кайра иштетүү жана сатууга чейинки толук чынжырды камтыйт. Фермерлерге жылдык 3% менен 60 айга чейин (12 ай жеңилдик мөөнөтү менен) жеңилдетилген насыя берилет.
Жалпы каржылоо көлөмү 1,5 млрд сомду түзөт. Насыялар Айыл Банк жана Элдик Банк аркылуу берилет.
Кошумча маалымат алуу үчүн: +996 708 320 820