Россиянын түрмөлөрүндө 1256 кыргызстандык жазасын өтөп жатат
Учурда Россиядагы түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1256 жараны жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Новосибирск шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Айбек Айдарбеков билдирди.
Анын маалыматына караганда, соттолгон жарандардын 143ү Новосибирск шаарындагы түзөтүү мекемелеринде кармалууда.
Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушууларды уюштуруп, алардын укуктук абалы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет. Азыркыга чейин 138 жаран менен жолугушуулар өткөн. Ал эми Омск жана Алтай крайларындагы 43 жаран менен жолугушуулар азырынча жүргүзүлө элек.
Маалыматтарга ылайык, кылмыш иштеринин жарымынан көбү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу. Мындан тышкары каракчылык, тоноо, алдамчылык, зордуктоо жана диний экстремизм фактылары да кездешет.
Өткөн жылы Россиянын түзөтүү мекемелеринен 131 кыргызстандык бошотулган. Алардын ичинен 90 жаранга Башкы консулдук мекенине кайтып келүү үчүн атайын күбөлүк берген.
Ошондой эле Ички иштер министрлиги аркылуу жүргүзүлгөн экстрадициянын алкагында 61 жаран Кыргызстанга кайтарылган.