Сокулукта 750 орундуу жаңы мектептин корпусу курулуп жатат
7-8-март күндөрү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен бирге Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Алардын бири Сокулук районуна караштуу Кашка-Баш айылындагы №84 мектепке курулуп жаткан 750 орундуу жаңы окуу корпусу. Башкы планга ылайык, мектеп 3 кабаттуу имарат болуп курулуп, 1500 окуучуну кабыл алууга ылайыкталган. Учурда курулуш иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.
Министр объектти кыдыруу учурунда курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана иштерди белгиленген графиктен кечиктирбөөнү талап кылды.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулууда. Курулуш иштерине каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп, долбоорлор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.


