Социалдык фонд январь-февралда 9194 пенсиялык ишти карады
Социалдык фонд 2026-жылдын январь–февраль айларында жалпысынан 9194 пенсиялык ишти карады. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, февраль айында 4330 жаранга пенсия жаңыдан дайындалды, ал эми 1518 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуу мезгили жана майыптык боюнча кошумча документтердин негизинде жүргүзүлгөн.
Пенсия маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн жарандар 1202 кыска номерине кайрыла алышат.