Ысык-Көлдө 167 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
Ысык-Көл облусунда прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз берилген 4,26 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча Ж.Абдрахманов айыл өкмөтүндө жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясында текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 1997–2004-жылдары мыйзам талаптарын бузуу менен бир катар жер тилкелери жеке тараптарга берилгендиги аныкталган.
Атап айтканда, Чолпон-Ата шаарынын мэриясына тиешелүү 0,08 гектар жер тилкеси, Ананьево айыл аймагында жайгашкан муниципалдык автовокзалга тиешелүү 139,4 чарчы метр курулуш объектиси жана 0,16 гектар жер, ошондой эле Чолпон-Атадагы SOS балдар айылы коомдук фондунун менчигине берилген айыл чарба багытындагы “сугат айдоо” категориясына кирген 4 гектар жер аянты мыйзам бузуу менен жеке тараптарга өткөрүлүп кеткен.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 167 млн 568 миң сомду түзгөн 4,26 гектар жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды.

