Бишкектеги №39 мектеп реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди

Бишкектеги №39 мектеп реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди

Бүгүн Бишкек шаарындагы №39 орто мектеп ири реконструкция жана капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, мугалимдер жана окуучулар катышты.

1200 окуучуга ылайыкташкан мектепте үч кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы, китепкана жана спорт залы толугу менен жаңыланды. Жалпы аянты 6 580 чарчы метр болгон имаратта жылытуу, суу менен камсыздоо жана жарыктандыруу системалары жаңыртылып, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Мектептин сырткы аймагында да инфраструктура жакшыртылды. Бул жерде футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары курулуп, балдар жана чоңдор үчүн спорттук зоналар уюштурулду.

Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылды.

Белгилей кетсек, аталган мектептин биринчи окуу корпусу 1961-жылы, экинчиси 1984-жылы курулган. Бул имараттар ошол убакыттан бери мындай масштабдагы оңдоодон биринчи жолу өткөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин Канатбек Чыныбаев аткарат

Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин Канатбек Чыныбаев аткарат

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Чыныбаев Канатбек Койчубекович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынды. Ошондой эле Канатбек Чыныбаевдин талапкерлиги өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизилет.

Голландиянын супер элита картошкасын эгип, гектарынан 45 тонна түшүм алган Алтынбек Айбашов

Голландиянын супер элита картошкасын эгип, гектарынан 45 тонна түшүм алган Алтынбек Айбашов

Кыргызстанда акыркы жылдарда мамлекеттин, эл аралык уюмдардын көмөгү менен сапаттуу, мол түшүмдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүүгө өткөндөр көбөйдү.   20 жылдан ашык дыйканчылык менен алектенип,  2023-жылдан тарта голландиялык картошканын түшүмдүү, сапаттуу супер элита сортун айдап, гектарынан 45 тоннадан үрөндүк элита сортун өндүрүп жаткан фермер, Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Алтынбек Айбашов

Гидрометеокызматынын кызматкерлерине ай сайын 20 миң сом үстөк акы кошулат

Гидрометеокызматынын кызматкерлерине ай сайын 20 миң сом үстөк акы кошулат

Садыр Жапаров Министрлер кабинетине 2026-жылдын 1-январынан тартып  Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын мамлекеттик кызматкер категориясына кирбеген кызматкерлерине айлык маянасына ай сайын 20 миң сом өлчөмүндө кошумча үстөк акы белгилөөнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин №37 тескемесинде айтылат. Чечим Гидрометеорология кызматында иштеген, мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбеген кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынган.