Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин Канатбек Чыныбаев аткарат
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Чыныбаев Канатбек Койчубекович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынды.
Ошондой эле Канатбек Чыныбаевдин талапкерлиги өзгөчө кырдаалдар министри кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизилет.