Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык кабыл алынган.