Кыргызстандын геологиялык атласын түзүү демилгеси көтөрүлдү
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөнүн геологиялык, геофизикалык жана минерогендик карталарынын атласын даярдоо демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Бул долбоор боюнча экинчи жумушчу кеңешме Геология институту жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М. М. Адышев атындагы институту менен биргеликте өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык, даярдала турган атлас аймактын геологиялык түзүлүшүн, геофизикалык өзгөчөлүктөрүн жана минерогендик потенциалын кеңири камтыган комплекстүү илимий-картографиялык басылма болот.
Долбоордун алкагында атлас орус жана англис тилдеринде эки том болуп чыгарылат. Бул аны эл аралык аудиторияга, окумуштууларга жана инвесторлорго жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берет.
Министрликтин маалыматына ылайык, атласты түзүү өлкөнүн геологиялык потенциалын жайылтууга, эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө жана кен казуу тармагына инвестиция тартууга көмөктөшөт.
Мындан тышкары, долбоор Кыргызстандагы геологиялык-өнөр жай комплексин узак мөөнөттүү өнүктүрүүгө жана өлкөнүн илимий потенциалын бекемдөөгө негиз түзөрү белгиленди.

