Жумуртка баасы эмне үчүн өсүүдө? Монополияга каршы кызмат жыйын өткөрдү
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 9-мартта жана 11-мартта тоок жумурткасы рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө максатында жыйын өткөрдү.
Жыйынга Канаттуулар өстүрүүчүлөр ассоциациясынын, "Умай Групп" ЖЧКсынын, "Азия Ритейл" ЖАКынын, "Борсок Инвест" ЖЧКсынын жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда жумуртка жеткирүүлөрүнүн азайышы тоокторду жаңылоо жана пландуу эмдөө иштерине байланыштуу экени айтылды. Эмдөө мезгилинде тооктордун жумуртка берүү көрсөткүчү 30 күнгө чейин төмөндөйт, бул өндүрүш көлөмүнүн кыскарышына алып келет. Ошондой эле сезондук фактор да таасир этүүдө.
Баанын өсүшүнө тоюттун кымбатташы, логистикалык чыгымдардын көбөйүшү, таңгактоочу материалдардын кымбатташы жана ортомчулардын болушу негизги себеп болуп жатканы белгиленди.
Жыйындын жыйынтыгында Кызмат "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамдын 18-1-беренесине ылайык Канаттуулар өстүрүүчүлөр ассоциациясына атаандаштыкты чектөөгө алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге жол бербөө тууралуу эскертүү жөнөттү.
Ошондой эле ассоциацияга баа саясатын кайра карап чыгып, рынокто баа түзүүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу сунушталды. Жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматты Кызматка берүү тапшырылды.