Жумуртканын баасы турукташууда
Бишкек шаарында тоок жумурткасынын баасын турукташтыруу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, рыноктогу абал көзөмөлгө алынды.
Аталган кызматтан билдиргендей, 14–15-март күндөрү жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында базарларда жана соода түйүндөрүндө жумуртканын баасы төмөндөгөнү байкалды. Азыркы учурда баалар 10 даана үчүн орточо 110 сомдон 160 сомго чейин түзүүдө.
Соода түйүндөрүндө баалар продукциянын түрүнө, өндүрүүчүгө жана жайгашкан жерине жараша айырмаланып, орточо баасы 110–150 сомдун чегинде сатылууда.
Кызмат тарабынан соода тармактары жана өндүрүүчүлөр менен жолугушуулар өткөрүлүп, негизсиз баа көтөрүүгө жол бербөө боюнча макулдашууларга жетишилди. Баанын төмөндөшү орточо эсеп менен 1 даанасына 1–3 сомду түздү.
Эске салсак, буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан жумуртка жеткирүүлөрүнүн азайышы, тоокторду жаңылоо жана пландуу эмдөө иштерине байланыштуу убактылуу кымбаттагандыгы айтылган. Мындан сырткары сезондук фактор да таасир этээри маалымдалууда.