Ауэзов көчөсү иретке келтирилет: мэриянын жаңы планы кандай?

Ауэзов көчөсү иретке келтирилет: мэриянын жаңы планы кандай?

Бишкек шаарында Ауэзов көчөсүндө өткөн көчмө жыйында аймакты көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Борбор калаада мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда Анкара көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки Ауэзов көчөсүндө көчмө жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө аймактын санитардык абалы, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү текшерилип, мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чарага мэриянын тиешелүү кызматтары, райондук администрациялар жана муниципалдык ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды. Алардын катарында Ауэзов көчөсүнүн айрым тилкелеринде гүл бакчаларды уюштуруу, дарактарды отургузуу, мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо, таштанды сорттоо пункттарын түзүү, эски электр тирөөчтөрүн алуу, тротуарларды жаңылоо жана көчөлөрдү жарыктандыруу каралган.

Бул чаралар шаардык инфраструктураны жакшыртууга, коопсуздукту жогорулатууга жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте заманбап, ири турак жай кварталынын пайдубалы түптөлдү

Бишкекте заманбап, ири турак жай кварталынын пайдубалы түптөлдү

Бишкекте ири турак жай долбоорунун алгачкы этабы болгон THE ESSENCE кварталынын пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Бул аземге шаар тургундары, инвесторлор жана коноктор катышып, аларга долбоордун концепциясы тааныштырылды. Билдирүүгө караганда, долбоорду девелопер компания RCA Living ишке ашырууда жана ал Royal Central Park аттуу масштабдуу шаардык комплекстин бир бөлүгү болуп саналат.

Айгүл Рыскулова ЕЭКтин миграция департаментине директору болду

Айгүл Рыскулова ЕЭКтин миграция департаментине директору болду

Айгүл Рыскулова Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалганы аталган комиссиянын расмий сайтында кабарланды. 61 жаштагы Айгүл Рыскулова буга чейин Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешиндеги Кыргызстандын өкүлү болуп 2020-жылдан 2024-жылга чейин иштеген.  2006-2007-жылдары Кыргызстандын Миграция жана жумуш менен камсыздоо мамлекеттик комитетин жетектеген,

Эки айда Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түздү

Эки айда Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түздү

2026-жылдын январь–февраль айларында Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр (ЕАЭБден тышкаркы мамлекеттер) менен тышкы соода жүгүртүүсү 1,27 млрд долларды түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5,8%га азайганын Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы күбөлөндүрөт. Төмөндөө 78,55 млн долларды түздү — өткөн жылы 1,35 млрд доллар болсо, быйыл 1,27 млрд

АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку максимумга жетти

АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку максимумга жетти

АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку деңгээлге жетип, бир галлон үчүн 3,8 $ чыкты. Бул тууралуу Америкалык автомобиль ассоциациясына шилтеме берип, РИА Новости билдирди. Energy Information Administration көз карандысыз уюмунун аналитиктеринин маалыматына ылайык, мындай деңгээл акыркы жолу 2023-жылдын октябрь айында катталып, бир галлон үчүн 4 $ чейин