Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт
Кыргызстанда эт өндүрүшүн көбөйтүү жана бааны турукташтыруу максатында эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдө азык-түлүк бааларын турукташтыруу, айрыкча эттин баасын жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, эт өндүрүшүн көбөйтүү жана рыноктук механизмдер аркылуу баага таасир этүү максатында Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ири мүйүздүү малды бордоп семиртүү багытында эт кластерин түзүү боюнча пилоттук долбоор башталат.
Долбоордун алкагында 2026-жылы кластердин катышуучуларына жеңилдетилген насыялар берилет. Фермерлер жана агроишкерлер “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” аркылуу төмөн үстөк пайыз менен каржыланат.
Ошондой эле азык-түлүк бааларынын өсүшүн басаңдатуу, калкты жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында өлкө боюнча дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери уюштурулуп жатат.
Бул чаралар ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылууга жана ата мекендик өндүрүштү колдоого багытталган.