Карызыңыз барбы? Акысыз онлайн текшерип көрүңүз

Карызыңыз барбы? Акысыз онлайн текшерип көрүңүз

Жарандарды өз убагында маалымдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы жарандар үчүн карыздарды акысыз онлайн текшерүү порталы иштеп жатканын маалымдайт.

Бул портал аркылуу ар бир жаран өзүнүн карызы жөнүндө алдын ала маалымат ала алат, ошондой эле жооптуу сот аткаруучунун фамилиясын, атын, байланыш маалыматтарын жана чектөөлөрдү алып салуу же маселени мыйзам чегинде чечүү жолдорун биле алат.

Порталды колдонуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

-уюлдук телефон аркылуу атайын QR-кодду сканерлөө;
-жеке ИННди (салык төлөөчүнүн идентификациялык номери) киргизүү;
-карыздар жана чектөөлөр боюнча актуалдуу маалымат алуу.

Ошону менен бирге, айрым жарандар социалдык тармактар аркылуу карыздарды текшерүү кызматын акча төлөп көрсөтүүнү сунуштап жатканы белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, мындай аракеттерге мыйзам чегинде тиешелүү юридикалык баа берилген.

Эскерте кетсек, карыздар тууралуу маалыматты текшерүү кызматы толугу менен акысыз көрсөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кытайдагы эки сессия өлкөнүн негизги саясий окуясы болду – Лю Цзянпин

Кытайдагы эки сессия өлкөнүн негизги саясий окуясы болду – Лю Цзянпин

Кытайда эки маанилүү 14-чакырылыштагы Бүткүл кытай эл өкүлдөр жыйынынын 4-сессиясы жана Кытайдын Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытай комитетинин 14-чакырылыштагы 4-сессиясы жыйынтыкталганын Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин билдирди. Кытай менен Кыргызстандын кызматташтыгы тууралуу пресс-конференцияда элчи бул сессиялар Кытайдын саясий турмушундагы негизги окуялар экенин жана эл аралык коомчулук үчүн

Финансы министри кызматына Руслан Сүйналиевдин талапкерлиги  жактырылды

Финансы министри кызматына Руслан Сүйналиевдин талапкерлиги жактырылды

Жогорку Кеңештин депутаттары финансы министри кызматына Руслан Сүйналиевдин талапкерлигин жактырышты. Тийиштүү чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Эл өкүлдөрү анын талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти. Эскерте кетсек, Руслан Сүйналиев буга чейин финансы министринин биринчи орун басары кызматын аркалап келген. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон

УКМК төрагасы 11-февралдан бери 83 адам кызматтан бошотулуп, 13 кызматкер тартип жазасына тартылганын билдирди

УКМК төрагасы 11-февралдан бери 83 адам кызматтан бошотулуп, 13 кызматкер тартип жазасына тартылганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 11-февралдан бери УКМК ички иликтөө жүргүзүп, анын жайынтыгында 7 адам атайын кызмат системасынан кетирилгенин ЖМКларга берген маегинде айтты. Ошондой эле ал 83 киши кызматынан бошотулуп, 13 кызматкер тартип жазасына тартылганын, 6 киши атайын кызматка талапкерлердин тизмесинен чыгарылганын билдирди. Эске салсак, Президент

Ноокат районунда түз себүү технологиясы менен 113 гектар жерге сафлор эгилди

Ноокат районунда түз себүү технологиясы менен 113 гектар жерге сафлор эгилди

Ноокат районундагы “Кызыл Кашташ” кооперативи 113 гектар аянтка түз себүү технологиясы менен сафлор өстүрө баштаганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Аталган кооператив райондо биринчилерден болуп сафлор өстүрүүгө киришти. Жаңы ыкма — жерди айдабай туруп түз себүү — өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга, кыртыштын нымдуулугун сактоого жана талаа жумуштарын