Сүлүктүдө кызматкерлерден мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды
Сүлүктү шаарында социалдык тармактардагы кайрылуунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө кызматкерлерден мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратураджан билдиришти.
Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын прокуратурасы тарабынан шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү социалдык тармактарда жарыяланган кайрылуунун негизинде башталып, анын жүрүшүндө кызматкерлерден мыйзамсыз ири өлчөмдө акча каражаттары чогултулганы аныкталды.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган башкармалыктын башчысы кызматкерлерден белгилүү өлчөмдө акча чогултуп, аны өзүнүн электрондук капчыгына которткон. Бул каражаттар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын инспекторуна берүү максатында жыйналганы айтылууда.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.