Бишкекте 25-мартта жылытуу сезону аяктап, 1-апрелден тарта ысык суу өчүрүлөт
Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбековдун төрагалыгы алдында жылытуу мезгилин аяктоо боюнча штабдык жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Жыйындын жыйынтыгында борбор калаада жылытуу сезонун 2026-жылдын 25-мартында аяктоо чечими кабыл алынды.
Жылытуу сезону аяктагандан кийин муниципалдык кызматтар кийинки мезгилге даярдык көрүп, тиешелүү оңдоо иштерин жүргүзө баштайт.
Ошондой эле 1-апрелден 10-майга чейин шаарда ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул аралыкта жылуулук тармактарында профилактикалык жана оңдоо иштери жүргүзүлөт.