Бишкектин айрым аймактарында 26-мартта суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 26-мартта суу убактылуу өчүрүлөт

26-март күнү саат 09:00дөн 15:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, өчүрүү Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү жана темир жол линиясы менен чектелген аймактарды камтыйт. Бул аралыктагы турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык жана өндүрүш объектилери сууга убактылуу жетпей калат.

Суу берүү “Тоголок Молдо” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Ошондой эле жарандар “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу пландуу жана авариялык өчүрүүлөр тууралуу маалыматтарды алып тура алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Биринчимай райондук соту "Кыргызнефтегаздагы" коррупция иши боюнча шектүүлөрдү камакка алды

Биринчимай райондук соту "Кыргызнефтегаздагы" коррупция иши боюнча шектүүлөрдү камакка алды

Бишкек шаарынын Биринчимай райондук соту "Кыргызнефтегаз" ААКы компаниясындагы коррупция иши боюнча төрт шектүүнү камакка алуу чечимин чыгарганын соттун басма сөз кызматы билдирди. Камакка алуу чечими 19-мартта кабыл алынган. Шектүүлөр — ишкананын мурдагы башкармалык төрагасы 1983-жылы туулган Н.Н., анын орун басары 1980-жылы туулган А.Р., ошондой эле аффилирленген структуралардын

Мамлекеттик маанидеги объектилер биринчи жолу ири реконструкциядан өтүүдө

Мамлекеттик маанидеги объектилер биринчи жолу ири реконструкциядан өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бир катар мамлекеттик объектилердеги реконструкция жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Алардын катарына Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий документтеринин Борбордук мамлекеттик архиви жана Президенттин Архиви кирет. Учурда объектилерде ички жана тышкы оңдоо

Өзгөн районунда интернет алдамчылык боюнча дроппер кармалды

Өзгөн районунда интернет алдамчылык боюнча дроппер кармалды

Өзгөн РИИБнин маалыматына ылайык, Өзгөн районунда интернет алдамчылык иши боюнча дроппер аныкталды. Милициянын маалыматына караганда, 2026-жылдын 21-январында 1992-жылы туулган А.К. аттуу жаран РИИБге кайрылган. Ал Telegram’дагы "Тему" группасында белгисиз адамдар акчасын көбөйтүп берем деп 556 миң 819 сомду банк карталарына которууга көндүрүшкөнүн билдирген. Бул факт боюнча

Бишкекте 25-мартта жылытуу сезону аяктап, 1-апрелден тарта ысык суу өчүрүлөт

Бишкекте 25-мартта жылытуу сезону аяктап, 1-апрелден тарта ысык суу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбековдун төрагалыгы алдында жылытуу мезгилин аяктоо боюнча штабдык жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жыйындын жыйынтыгында борбор калаада жылытуу сезонун 2026-жылдын 25-мартында аяктоо чечими кабыл алынды. Жылытуу сезону аяктагандан кийин муниципалдык кызматтар кийинки мезгилге даярдык көрүп, тиешелүү оңдоо иштерин жүргүзө баштайт. Ошондой эле