Мамлекеттик маанидеги объектилер биринчи жолу ири реконструкциядан өтүүдө
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бир катар мамлекеттик объектилердеги реконструкция жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Алардын катарына Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий документтеринин Борбордук мамлекеттик архиви жана Президенттин Архиви кирет.
Учурда объектилерде ички жана тышкы оңдоо иштери активдүү жүргүзүлүп, инженердик тармактар жаңыланууда. Ошондой эле фасаддарды калыбына келтирүү жана имараттарды жылуулоо иштери аткарылууда.
Министр иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган имараттар өз тарыхында биринчи жолу ири масштабдагы реконструкциядан өтүп, заманбап талаптарга ылайык жаңыланууда. Курулуш иштери министрлик тарабынан жүргүзүлүүдө.


