Ошто 3 млн сомдук алдамчылыкка шектелип чет элдик студент кармалды
Ош шаарында “Нелегал” ыкчам иш-чарасынын алкагында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген Индиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган 22 жаштагы индиялык студент мекендештерине Индиянын улуттук валютасын АКШ долларына алмаштырып берүүнү убада кылып, ири суммадагы акчаларын алдап алган.
Учурда 9 жабырлануучудан арыз түшкөн. Алар берген акчанын көлөмү 35 миң сомдон 243 миң сомго чейин жетип, жалпы материалдык зыян 3 миллион сомдон ашкан.
Аталган факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда.