Бишкекте эски дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулууда
Бишкек шаарында тургундарга жана инфраструктурага кооптуу болгон куураган жана авариялык абалдагы дарактарды санитардык бутоо жана алып салуу иштери жүргүзүлүүдө.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул аймакта буга чейин жашыл көчөттөр жаңыланып, эски дарактардын ордуна бийиктиги 4 метрге чейин жеткен карагай (ольха) көчөттөрү отургузулган. Мындай иштер экологиялык абалды жакшыртууга, көчөнүн көркүн арттырууга жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
Иштер белгиленген талаптарга ылайык этап-этабы менен аткарылууда. Алдыда жашылдандырууну улантуу жана көчөттөрдү багуу иштери пландалууда. Ошондой эле жакынкы аралыкта Сагымбай Манасчы көчөсүндө сквер куруу башталат.
“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы тургундарды бул иштерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.