Талас районунда жаңы архитектура башкармалыгынын имараты ачылды
Кечээ Талас облусунун Талас районунда Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага Курулуш министри Нурдан Орунтаев, Президенттин облустагы өкүлү Эрмат Джумаев, жергиликтүү жетекчилер, архитекторлор жана тургундар катышты.
Министр жаңы имарат башкаруунун ишин жакшыртып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатарын белгиледи.
Имарат Көк-Ой айылындагы Манас көчөсү 80 дарегинде жайгашкан. Курулушу 2025-жылдын августунда башталып, ички ресурстардын эсебинен бүткөрүлгөн.
Эки кабаттуу имараттын аянты 276 чарчы метр. Анда жыйындар залы, күтүү залы, архив, кабылдама, “бирдиктүү терезе” жана техникалык бөлмөлөр бар.
Буга чейин кызматкерлер 1973-жылы турак жай катары курулган имаратта иштеп келишкен.





