Жалал-Абаддагы мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объекттерин текшерүү иштерин улантууда.
Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн алкагында Кара-Көл шаарынын Көк-Бел участкасында Бишкек–Ош автоунаа жолунун жээгинде уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан объект аныкталды.
Маалым болгондой, тамактануучу жай “Жагалмай” ЖЧКсы тарабынан мыйзамсыз курулуп жаткан.
Жыйынтыгында компанияга жазуу түрүндө эскертүү берилип, 200 миң сом айып пул салынды. Мыйзам бузуулар жоюлганга чейин курулуш иштери токтотулду.
Башкармалык тарабынан көзөмөл улантылып, тиешелүү чаралар көрүлөт.