Бишкекте 5 мыйзамсыз газ толтуруучу жай аныкталып, айып салынды
Бишкекте мыйзамсыз газ толтуруучу жайларга каршы рейдде 5 түйүн аныкталып, айып пул салынды. Коопсуздук талаптарын бузган бир объект демонтаждалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Иш-чара Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы, ӨКМдин мамлекеттик өрт көзөмөлү жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө автоунааларды жана тиричилик газ баллондорун мыйзамсыз толтурган 5 соода түйүнү аныкталды. Коопсуздук талаптарын бузгандыгы үчүн алардын ээлерине айып пул салынды. Ошондой эле бир түйүн толугу менен демонтаждалды.
Министрлик калктуу конуштарда көчмө автоунаа газ куюу станцияларын жайгаштырууга тыюу салынарын эскертти.
Мындай рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп, 2021-жылдын 20-январындагы №19 Өкмөттүн токтомуна ылайык өткөрүлөт.


